ЖАҢЫ-НООКАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-НООКАТ – Ош облусунун Ноокат районун­дагы кыштак. Жаңы-Ноокат айыл округуна ка­раштуу. Кичи Алай кырка тоосунун этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 10 км батыш тарапта. Ош темир жол бекети­нен 50 км. Кыштак 15-кылым ченде пайда болгон. Калкы 5720 (2022); негизинен дыйканчылык­та эмгектенип, мал чарбасы м-н алектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир АК, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түштүк тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган.