ЖАҢЫ-ТАЛАП (Кара- Кулжа районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАҢЫ-ТАЛАП to ЖАҢЫ-ТАЛАП (Кара- Кулжа районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТАЛАП , А д ы р – Ош облусунун Кара- Кулжа районундагы кыштак. Кашка-Жол айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 21 км түндүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Калкы 1918 (2022); неги­зинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчы­лыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Тегирмен, май жуаз ж. б. майда ишканалар иш­тейт.