ЖАҢЫ-ШААР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ШААР – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 910 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 42 км түштүк-батыш тарапта. Наманган (Өзбек­стан) темир жол бекетинен 52 км. Кыштак 1953-жылы негизделген. Калкы 2003 (2007); дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.