ЖАҢЫБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫБАЕВА Маруса (1934, азыркы Жалал- Абад облусу, Тогуз-Торо району, Каргалык кыштагы – 1978, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). Эмгек жолун 1950-жылы Нарын облусунун

Тогуз-Торо районундагы «Кы­зыл-Жылдыз» колхозунда баштап, кийин чабан, 1957- жылдан баш чабан болуп иштеген. Кой чарбасын өнүк­түрүүдө мыкты көрсөткүч­төргө жетишип, 1957-жыл­дан мамлекетке 500 ириктин ар бирин 70, 1959-жылы 72, 1960-жылы 75 кг салмакта өт­көргөн, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. 1962–70-жылдарда СССР Жогорку Советинин депутаты. Ле­нин ордени м-н сыйланган.