ЖЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 10 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 29, атомдук массасы 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu ж-а 64Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10–2%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Жез – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгыздыгы 8,96 г/см3; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү би­рикмелерди пайда кылат. Кадимки температурада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu2O же не­гиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука ка­быкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирик­мелери Cu2O (чала оксиди), CuО2 (өтө оксиди). Жез кадимки температурада галогендер, күкүрт м-н оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl2) ж-а сульфиддерди (Сu2S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку температурада да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз кислоталары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концентраттык ысык күкүрт кислотасын­да эрип, жез сульфатын (CuSО4) пайда кылат.
Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo4 – 5Н2O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү жез туз­дары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окисте­нет же эки валенттүү жез туздарына чейин ажы­райт. Эки валенттүү жез туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu + көк түстө болот. Маа­нилүү минералдары: Сu2S – жез жалтырагы; CuFe S2 – жез колчеданы; CuS – каве ли т; CuCO3·Cu(OH)2 – малахит; CuCO3·2Cu(OH)2 – лазурит ж. б. Өнөр жайында жез сульфидине кычкыл­текти таасир этип, андан пайда болгон чала ок­сидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2; 2) Сu2S + 2Cu2O == 6Cu + SO2. Таза жез жылуулукту ж-а электр тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгон­дуктан, өнөр жайында кеңири колдонулат. Ошондой эле химиялык аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга турук­туу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.