ЖЕЗ КЕМПИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 10 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗ КЕМПИР (ж е з т у м ш у к, ж е з т ы р­м а к) – кыргыз элинин жөө жомокторундагы салттуу терс каарман. Жез кемпир кадимки адам түс­пөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалаган­дай кубулат, тумшугу, тырмактары курч (болот­тон, жезден). Ал эл жүрбөгөн алыскы жайлар­да жашап, адамдардын канын соргондугу ай­тылат. Адамдар амалкөйлүк м-н жез кемпирди өл­түрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. Мындай мүнөздөгү образдар дүйнө­дөгү башка элдердин фольклорунда да кезигет.