ЗАПАШНЫЙЛАР, цирк артисттери

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАПАШНЫЙЛАР – орус цирк артисттеринин үй-бүлөсү. М и х а и л С е р г е е в и ч Запаш­ный (24. 6. 1900, Ейск – 9. 9. 1982, Ленинград), аялы – Л и д и я К а р л о в н а Запашная (1.1.1905 – 8. 8. 1960, Москва), балдары – С е р­г е й М и х а й л о в и ч Запашный (13. 2. 1926, Ленинград – 21. 10. 1980, Владивосток), В а л ь­т е р М и х а й л о в и ч Запашный (2. 4. 1928, Ленинград – 27. 8. 2007, Москва), РСФСРдин эл артисти, (1988), А н н а М и х а й л о в н а Запашная (8. 8. 1931-жылы туулган, Ленинград), М с т и с л а в (Ме­числав) М и х а й л о в и ч Запашный (16. 5. 1938-жылы туулган, Ленинград), – СССРдин эл артисти (1990); С е р­г е й М и х а й л о в и ч Запашныйдын балда­ры – В а л е р и й С е р г е е в и ч Запашный (10. 1. 1951-жылы туулган), Н о н н а С е р г е е в н а Запашная (1. 1. 1947-жылы туулган); Вальтер Михайлович Запашныйдын аялы – Т а т ь я н а В а с и л ь­ е в н а Запашная (2. 9. 1956, Калинин), балда­ры – Э д г а р д Запашный (11. 7. 1976-жылы туулган, Ялта) – Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти (1999), А с­ к о л ь д Запашный (27. 9. 1977-жылы туулган, Харьков) – Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, (1999), «Ат үстүндөгү жон­глёрлор» (1990), «Маймыл үйрөтүүчүлөр» (1993),«Жырткычтар арасында» (жолборс, арстан, ил­бирс, сүлөөсүн; 1997) номерлери менен чыгышкан. Мстислав Михайлович Запашныйдын 1-аялы – Д о л о р е с П а в л о в н а Запашная (24. 3. 1941- жылы туулган, Благовещенск) – 1990-жылга чейин М.М.За­пашныйдын аялы жана өнөгү. 1990-жылдан өзүн­чө «Иллюзиялык миниатюралар» номери менен чыккан. Балдары Э л е н (1. 5. 1963-жылы туулган), Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти (1994); М с т и с л а в – ки­чүүсү (15. 6. 1967-жылы туулган), Россия Федерациясынын эл артисти (2003), 1992-жылы «Пил жана жолборстор» аттракционун­да атасынын ордуна чыккан, 2001-жылы «XXI кы­лымдын салтанаты» аттракционун койгон. Запашныйлардын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү – дресси­ровщик, жонглёр жана ат оюнчулары. Бала кез­деринен эле циркте акробатика жана гимнастика жанрында иштешкен. Ат, жолборс, илбирс, сү­лөөсүн, арстан, пилдерди үйрөтүшкөн. Запашныйлардын белгилүү номери – «Акробат-вольтижёрлор – бир тууган Запашныйлар». Аткаруучулары Москва­да өткөн Жаштардын жана студенттердин бүткүл союздук 6-фестивалынын лауреаттары (1957). Анна Михайловна жана Мстислав Михайлович Запашныйлар 1959-жылдан «Аба гимнасттары» номеринде үйрөтүлгөн аттардын үстүндө абада гимнастика көнүгүүлөрүн көрсөтүшкөн. Запашныйлар «Акробат-вольти­жёрлор ат үстүндө» номери менен (Анна, Валерий, Мстислав, Нонна, Сергей З.) ат циркине салым кошкон. 1976-жылдан Мстислав Запашный пил үйрөтүүчү катары чыккан. Вальтер Михайлович Запашный – акробат, гимнаст жана штангист. 1958-жылдан айбандарды үйрөтүүчү, Цирк өнөрүнүн жаңы чыгармаларынын Бүткүл союздук кароосунун лауреаты (1964). Запашныйлар Россиянын көп­төгөн шаарларында, ошондой эле Кытай, Болгария, Германия, Швеция, Жапония жана башка мамлекеттер­де гастролдо болушкан.

Эдгард жана Аскольд Запашныйлар үйрөтүлгөн жол­борсу менен.



Н. Жылдызова.