ЗИКИР
ЗИКИР , з и к и р ч а л у у – (арабча зикр – эскерүү, эс-тутум) – исламдын суфизм агымындагы айрым багыттарга мүнөздүү болгон «Аллага сыйынуу» жөрөлгөсү. Зикир жарыя да (үн чыгарып), купуя да (үн чыгарбай) чалынат. Зикирде бир топ сопулар чогуу отуруп, Алланын ысымдарын жана ислам ураандарын обонго салып, кайра-кайра кайталашат. Зикир чалуучулар бара-бара элирип барып, өзүн-өзү унутуп, экстаз абалына жетиши мүмкүн.