ЗУРНА
ЗУРНА́ (арабча. сур – мүйүз‚ персче най – түтүк) – азербайжан‚ армян‚ грузин‚ авар‚ түрк‚ иран элдерине кеңири тараган мүштөктүү үйлөмө музыкалык аспап. Орто Азия (тажик‚ өзбек) элдеринде сурнай‚ Кытайда сона делет.

Түрү‚ добушу жагынан Зурна гобойго окшош‚ узундугу 300–400 мм‚ 8–9 көзөнөктүү‚ жыгачтан жасалат. Жеке жана эл аспаптар оркестрлеринде ойнолот.