ЖЕКЕ МЕНЧИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 10 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕ МЕНЧИК – жеке кишинин (үй-бүлөнүн) менчигинде турган киреше алуу объектине ээлик кылуунун‚ пайдалануунун ж-а тескөөнүн‚ баш­ка жакка берүүнү же сатууну кошо алганда‚ бардык укуктарына ээ болгон менчик түрү. Жеке менчик өндүрүштүн учурдагы ыкмаларынын бар­дыгында пайда болушу ж-а өнүгүшү мүмкүн. Жеке менчиктин эки түрү бар: 1) жалданма эмгекке не­гизделген жеке менчик; 2) өз эмгегине негизделген (же үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгегине негизделген) жеке менчик. Айрым индивиддердин (үй-бүлөлөрдүн) мен­чигинин объектилери өндүрүш каражаттары‚ керектөө буюмдары‚ акча каражаттары‚ баалуу кагаздар ж. б. болушу мүмкүн. Азыркы учурда КРде жеке менчик мыйзам актылары м-н беки­тилген.