ИГНАТЬЕВ Александр Илларионович
ИГНА́ТЬЕВ Александр Илларионович (23. 4. 1906, азыркы Россия Федерациясы, Белгород облусу, Валуйки шаары – 12. 3. 1998, Бишкек) – сүрөтчү-живописчи, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1966). 1934-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.


1930-жылы Воронеж педагогикалык техникумун бүткөндөн кийин Фрунзедеги педагогикалык техникумда сабак берген (1930–1933). Кыргыз драма театрында сүрөтчү (1933–1934) болуп иштеген. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жана биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсүн (1934) уюштурууга катышкан. Негизги сүрөттөрү: «Айлуу кеч» (1942), «Орто-Токойдогу кеч» (1954), «Тянь-Шань тоолорундагы жаз» (1955), «Жылкычылар» жана башкалар. Портрет (М. Күрөңкөевдин, Ч. Жаманованын жана башкалар) да тарткан.
«Токтогул ГЭСинин оозунда» (1970), «Аскачылар» (1971), «Нарын көпүрөлөрү» (1972) сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган (1974). Игнатьев кыргыз живописине, асыресе тематикалык картинанын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Игнатьевдин чыгармалары Третьяков галереясында, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, башка көргөзмө жайларда сакталууда. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.