ИЙИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙИК – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була­дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур­гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке­рээк жасалып, узундугу 30–35 см, жоондугу 7–10 мм болот. Ийиктин ба­шы таштан, кор­гошундан жалпак же тегерек жаса­лат да, ортосу кө­зөлүп, саптын жоо­нурак учуна бе­кем кийгизилет.

Саптын жогору учу (буйласы) кө­зөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт . Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ий­ришкен. Ийрил­ген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муш­тумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыга­рылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чый­ратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чы­гырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тети­ги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында кол­донула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чый­ратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.