ИЙИЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙИЛҮҮ м а т е р и а л д а р к а р ш ы л ы­г ы н д а – сырткы күчтүн же температуранын таа­сири менен огунун же деформациялануучу объект­тердин (устун, такта, кабык жана башкалар) бетинин орто жеринин ийилүүсүн мүнөздөөчү деформациянын түрү. Ийилүү деформациялануучу түз бетке карата жөнөкөй жана жалпак – сырткы күч беттин не­гизги тегиздиктеринин биринде жатат; та­таал – ар кандай тегиздикте жаткан күчтөрдүн таасири астында пайда болот; кыйшык – та­таал ийилүүнүн бир түрү. Күчтөрдүн ийилүүчү элемент­тин туура кесилиш тарабына таасир этишинен таза (жалаң ийүүчү моменттер болгондо) жана туу­ралык ийилүү (ошондой эле, тууралык күчтөр таасир эт­кенде) пайда болот. Инженердик тажрыйбада узата (узунунан таасир этүүчү күчтөрдүн аркасында өзөктүн – стержендин көөп кетиши) ж-а узун­туура (бир эле убакта өзөктүн огу б-ча ж-а ага перпендикулярдуу) таасир эткен ийилүү колдонулат.