ИЙРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРЕК – чылгый жана ашатылган теринин этин, майын, челин та­залоо үчүн колдонулган аспап. Ал жыгач жана темирден жасалган. Жыгач ийрек катуу жы­гачтан (узундугу 50–60 см) билектен жоон, эки учу кармоого ылайыкта­лып, орто жери мизде­лип, теринин эт, май­ын сыдырыш үчүн бы­дырланып жасалган. Темир ийрек да иштөөгө жеңил болгондой, сабы жумуру жыгачтан жа­салып, мизи быдыр­ланган. Ийрек терини эт-­челинен ажыратып, өңдөөгө даярдаган.