ИКОНА ТАРТУУ
ИКО́НА ТАРТУУ , и к о н о п и с ь (икона жана орусча писать – жазуу, тартуу дегенден) – христиан дининдеги калктардын о. кылым иск-восунда өөрчүгөн станоктук живописинин диний багыттагы бир тармагы. Икона тартуу православие дини өкүм сүргөн өлкөлөрдө айрыкча көп тараган. Иконалар дайыма чиркөөнүн көзөмөлү менен, иконография эрежелери боюнча тартылган. Ошол себептен икона тартууда турмушту аңдап билүүнүн шарттуу формалары үстөмдүк кылган. Ошентсе да айрым сүрөтчүлөр көркөм чеберчилик жагынан чоң ийгиликтерге жетишкен мыкты чыгармалар жарата алышкан. Икона тартуу иудей жана христиан диндеринин өнүгүш процессинде пайда болуп, Византияда жана Россияда өзгөчө өсүп өөрчүгөн.
Ад.: История иконописи. Истоки. Традиции. Современность: VI–XX вв. М., 2002.