ИЛМЕ ШИБЕГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:11, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛМЕ ШИБЕГЕ – сайма саюу, тор токуу үчүн пайдаланылуучу курал. Сабы жыгач, мүйүз жана сөөктөн, илмектүү учу металлдан жасалат. Ал ар кандай жиптерден жаздык тыш, көшөгө, туш кийиз, жүз аарчы, суу жоолук, күзгү кап, такта жабуу, суп көйнөк, чыптама, белдемчи жана башка буюмдарды кооздоп саймалоодо жана тор кийим токууда кеңири колдонулат.