ИЛХАМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛХАМ – чыгармачылык дем, эргүү. Жазуучуда, өнөрпоздо турмуш көрүнүштөрүнүн таасирлери­нен улам эргүү пайда болуп, ага психологиялык жак­тан чыгарма жаратпай коюуга болбой турган дем келет. Илхам искусство чеберлеринин баарына мүнөздүү көрүнүш, ал ошондой эле өндүрүштүн алдың­кыларында да, илимпоздор менен ойлоп табуучу­ларда да болот. Байыркы гректер илхамды канат­туу дулдул – Пегас менен белгилеген.