ИМИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:37, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМИТА́ЦИЯ (латынча imitatio – тууроо, элик­төө) – 1) кандайдыр бир нерсени окшоштуруп тууроо, кайталоо; 2) м у з ы к а д а – көп үндүү музыкалык чыгармаларда бир үн менен аткарылган ыр­гакты башка үн менен куду өзүндөй кылып же өзгөртүп кайталоо. Андан бир нече үн кезекте­шип же чогуу чыгып, полифониялык ыргакты түзөт. Дайыма кайталанган имитация к а н о н деп аталат.