ЖЕКЕНДИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕНДИ – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Кызыл-Суунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2390 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыштагынан 33 км. Ош темир жол бекетинен 383 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 1319 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана бар. Айылдык оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.