«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:37, 11 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН» , «т а з а и с ­к у с с т в о» – көркөм чыгармачылык (искусство) коом­дук турмуш менен саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катыш­пай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, тур­мушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. XIX кылымдын орто ченин­де Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуу­чусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Кант­тын эстетикалык көз караштарга байланыш­туу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн мак­сатсыз, анткени ар кандай максат искусствону бур­малайт» – деп жазган. Россияда XIX кылымдын орто­сунда «Искусство искусство үчүн» урааны искусстводогу «гоголдук багытка», башкача айтканда социалдык-сынчыл багытка кар­шы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Аннен­ков, В. П. Боткин). Көркөм чыгармачылыктагы коом­дук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген «Искусство искусство үчүн» идеясын орустун революциячыл де­мократтары жана адабият таануу өкүлдөрү сынга алышкан.