ЖОШИБАЕВ
ЖОШИБАЕВ Сейткан (9. 6. 1939, Казак ССРи, Жамбыл облусу, Акыр-Төбө станциясы) – медицина илимдеринин доктору (1981), профессор (1994), КР УИАнын корреспендент мүчөсү (2000). КРдин эмгек сиңирген.

врачы (1978). КММИни (1962), СССР МИАнын А. Н. Бакулев атн. жүрөк кан тамыр хирургиясы ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1970). Нарын ж-а Талас облустук ооруканаларында хирург (1962–67) болуп иштеген. И. К. Ахунбаевдин шакирти. 1976-ж. Республикалык кардиология борборун уюштуруп, аны 1984-жылга чейин жетектеген. Алматы шаарындагы Казак клиникалык жана эксперименттик хирургия ИИИде жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн (1984– 92), КР УКТБнин кардиохирургия бөлүмүнүн (1992–2004-) жетекчиси. 2004-ж. Жүрөк хирургиясы ж-а органдарды алмаштыруу ИИИ уюшулгандан анын директору, 2006-жылдан ошол эле институтта бөлүм башчы болуп эмгектенет. И. К. Ахунбаев атн. жүрөк-кан тамыр системасы коомунун төрагасы. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы, 10 ойлоп табуусу бар.
Ахунбаев атн. сыйлыктын лауреаты. «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Реконструктивно-пластическая коррекция аномалий Эбштейна // Грудная и сердечно-сосудистая хирургия. ¹ 12, 1990.