ЖЕКИШЕВА
ЖЕКИШЕВА Сагын Жекишевна (15. 8. 1948-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Арашан кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1995), профессор (2000). КРдин инженердик академиясынын академиги (2004). КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2006). Москвадагы кооперация институтун (1971), Москвадагы Плеханов атындагы эл чарба институтунун аспирантурасын бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы, доцент (1971–95); Кыргыз кооперация академиясында ректор (1997–2003); КМКТАУда кафедра башчы, профессор, КАУда декан, институттун директору (2003–04) болуп иштеген. 2006-жылдан КРСУда профессор. Фарфор өндүрүшүнүн негиздери, карапа материалдарынын технологиясы боюнча адис. Республикада карапа өнөр жайын чыңдап, өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын негиздеген. 150 дөн ашык илимий иштердин, 8 монографиянын ж-а 3 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Фарфоровые камни Кыргызской Республики – новое нетрадиционное керамическое сырьё. Б., 1994; Физико-химические аспекты технологии алюмосиликатной керамики. Б., 2008.