ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:09, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛАРГЫ БАЗАЛЬТТУУ ПОРФИРИТ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Желаргы кыштагынан 4 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлдинен 1550 м бийикте жайгашкан. 1962-жылы табылган. Узундугу 300 ж-а 80 м, калыңдыгы 45 ж-а 4 м болгон базальттуу пор­фириттин эки дайкасы палеоген катмарынын арасында жатат. Химиялык-технологиялык сыноонун неги­зинде порфириттен минералдык кебез алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжолдуу запа­сы 0,5 млн м3.