ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИТ КЕНИ
ЖЕЛАРГЫ ГРАНОСИЕНИ́Т КЕНИ , Чүй облусунун Кемин районунда, Желаргы темир жол бекетинен 2,5 км түштүк-батышта жайгашкан. 1982–83-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен соңку палеозойго таандык граносиениттен турат. Физиикалык-механикалык касиеттери: тыгыздыгы 2,77 г/см3, орточо тыгыздыгы 2,65–2,95 г/см3, суу сиңирүүсү 0,3–0,4%; көзөнөктүүлүгү 4%, кургак абалда баскандагы бекемдик чеги 123,5 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 102 МПа, суукка чыдамдуулугу – 104,6 МПа. Граносиениттер оор бетонго шагыл катары пайдаланууга жарайт. Бекитилген запасы – А+В+С категориясы б-ча 5374 миң м3.