ИСАКОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 11 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Исмаил (10. 6. 1950-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лей­тенант (2005). Ташкент Жогорку жалпы аскер­дик командалык окуу жа­йын (1973), Марксизм-лени­низм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы ас­кер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицер­дик курсун (1989), Россия Федерациясы Ку­ралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академия­сын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн.

1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун команди­ри, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота коман­дири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальону­нун командиринин орун басары, батальон ко­мандири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штаб­дарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш­кы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалы­гынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Кор­гоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын ок­тябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши­нин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруу­чу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору.