ЖЕЛИМ ЖИВОПИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛИМ ЖИВОПИСИ – негизинен театр жасал­галары үчүн колдонулуучу живопистин техникалык түрү. Желим живописинде кургак боёктор анча кымбат эмес же­лимдин (көбүнчө жыгач желими же майлоочу) суюк эритиндисине эритилет, иш бор кырты­шында жүргүзүлөт. Желим живописи көпкө чыдабайт, се­беби арзан желим абадан нымдуулукту сиңи­рип алуу менен тез чирип кетет. «Желим живописи» термини кеңири мааниде – живопистик чапташтыргыч заттардагы бардык түрлөрдү гуашь, акварелди өзүнө камтыйт жана желим живописин түшүндүрөт.