ЖЕЛИМЧИЛЕР
ЖЕЛИМЧИЛЕР (Phlebotomidae) – кош канаттуулар түркүмүндөгү чиркейлер тукуму. Денеси жүн м-н капталган, узундугу 1,3–3,7 мм. Эркеги – өсүмдүк ширеси, ургаачысы жаныбар каны м-н азыктанат. Алар жылуу өлкөлөрдө таралган. Үңкүр, жар жаракасында, ийинде, турак жайда, мал сарайда жашайт. Желимчилердин 500гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусунун 30дай түрү бар. Алар Орто Азия, Закавказье респкаларында ж-а Түндүк Украина, Молдавияда кездешет. Желимчилер чакканда өтө кычышат, ыйлаакчалар пайда болот. Желимчилер малдан кишиге лейшманиоз ж-а желимчи лихорадкасын жугузат. Аларды жоготуу үчүн биологиялык ж-а химиялык жолдор колдонулат.