ИСКУССТВО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 11 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ы­л ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар ар­кылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызма­тынын маанилүү элементи. Искусствого сүрөт өнөрү, му­зыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура, айкел кирет. Искусство коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыя­лына таасир этет, коомдук турмушта жана со­циалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. Искусство адамзат коому менен кошо өнүгүп, анын мате­риалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезим­ди калыпка салууга көмөктөшөт, идеологиялык куралга айланат. Искусстводо турмуш көркөм формада чагыл­гандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү бол­гон илимден жана документтен айырмаланып, искусство көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эр­кин болот. Антикалык доордо искусство табиятка ка­рама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэ­тикасында» көркөм чыгармачылыктын негизинде адам­дын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. Орто кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баа­рынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички жана тышкы дүйнөнүн, факт менен ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештик­ке жетүүгө умтулушкан. XVIII–XIX кылымдардын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы тү­зүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсеп­тешкен. Алардан кийинки XIX–XX кылымдардагы реализм менен натурализмди туу туткандар, тескерисин­че, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркы­луу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыг­армачылык кызматы искусствонун ар кандай түрүндө же жан­рында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп ка­роого болот: 1) м е й к и н д и к к е жайгаштырылуучу же пластикалык искусство (живопись, айкел, графика, көркөм фотография, арх­итектура, жасалга-колдонмо өнөрү жана дизайн) өзү­нүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат; у б а к ы т (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу искусстводо образдар реалдуу мей­киндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды; у б а к ы т жана м е й к и н д и к айкалы­шып кеткен искусстводо (бий, театр, кино, эстрада, цирк жана башкалар ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. Искусствонун түрлөрү бири­биринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук жана эстетикалык функция­сы, турмушту чагылдыруу жана таасир этүү мүмкүндүгү боюнча кандайдыр бир деңгээлде айыр­маланат. Алсак, а д а б и я т т ы н аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченем­сиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. К ө р к ө м с ү р ө т искусствосунда (живопись, айкел, графика) образдар көз менен кабылдоого негизделген. М у з ы к а добушту пайдалан­гандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы – адамдын ой толгоосун музыкалык добуштар менен баяндап, зор эмо­циялык күч менен таасир эткендигинде. Искусствонун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген т е а т р,

к и н о ө н ө р ү н актёрлордун жардамы менен бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими менен та­битин тарбиялоочу архитектура, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү менен архитектуранын синтезинен жарал­ган монументтик искусство, адамзаттын тарыхы менен эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү анык­тоочу э л ч ы г а р м а ч ы л ы г ы сыяктуу түрлөрү бар. Искусствонун кинодон башка түрлөрү ал­гачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө жана жанрларга тарамдалып, искусство тармагы боюнча адис­тер иштей баштаган.


Ад.: Буров А. И. Эстетическая сущность искусства. М., 1956; Поспелов Г. Н. О природе искусства. М., 1970; Гнедич П. П. Всемирная история искусств. М., 1999; Выготский Л. С. Психология искусства. М., 2001; Габричевский А. Г. Морфология искусства. М., 2002.

Э. Турдубекова.