ИСКУССТВО ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 11 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО ТААНУУ – кең мааниде – коом­дун бүткүл көркөм маданиятынын, ошондой эле искусство­нун жалпы мыйзам ченемдерин, объективдүү өнү­гүү логикасын, коом менен карым-катышын, адам­га тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын маз­муну жана формасы сыяктуу маселелерди изил­дөөчү илимдер комплекси. Ушул мааниде искусство таанууга адабият таануу, музыка таануу жана башкалар кирет. Ал эми тар маанисинде – пластикалык жана мейкиндик искусствосу (архитектура, живопись, гра­фика, жасалга жана колдонмо) жөнүндөгү илимий искусство таануу сүрөт искусствосу, архитектура, жасалга жана колдонмо өнөрү жана дизайндын көп аспекттерин изилдейт. Искусство таануу үч бөлүмдөн турат: искусство тарыхы, теория­сы, көркөм сын. Искусство теориясы социалдык­ философиялык көз караштарды жана жалпы түшүнүк­төрдү пластика өнөрүнүн жана анын айрым түр­лөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонуп, искусст­вонун идеялык мазмуну, көркөм методу, фор­малары, сүрөттөө каражаттары, технологиясы сыяктуу маселелерин изилдейт. Көркөм сын – өз заманындагы турмуш көрүнүштөрүн, багыт­тарын, түрлөрүн, сүрөткердин чыг-лыгын ж-а айрым чыгармаларды талдап баа берет; иск-во көрүнүштөрүн турмуш м-н мезгилдин коомдук идеялары м-н өлчөп, ага ылайыктыгын анык­тайт. искусство таанууөз корутундулары м-н жыйынтык­тары обьективдүү жана так болушуна умтулуп, коомдук жана бир катар так илимдердин мето­дун пайдаланат; тигил же бул доордун көз ка­рашын жана табитин чагылтат. Искусство таануу XVI–XIX кылымдарда өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Туңгуч теориялык эмгектер Байыркы Грекияда жазылган, аларда иск­усствонун көптөгөн маанилүү теориялары менен та­рыхына аныктама берилген. Искусство таануунун илим ка­тары калыптанышына Кайра жаралуу доору маанилүү роль ойногон. Кыргызстанда улуттук искусст­вонун гүлдөп-өсүшү менен байыркы эстеликтерди сактоого, музей курулуштарына, көркөм мурас­ка, эл чыгармачылыгын изилдөөгө, элдик өнөрдү өнүк­түрүүгө көп көңүл бөлүнүүдө.


Ад.: Базен Ж. История искусства: от Вазари до наших дней. М., 1995. Гращенков В. Н. История и историки искусства. М., 2005.