ЖЕЛТОКСАН (ДЕКАБРЬ) ОКУЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛТОКСАН (ДЕКА́БРЬ) ОКУЯСЫ – 1986-жыл­дын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986-жылы 16-декабрда Ка­закстан КП БКнын Пленуму өткөрүлүп, анда ка­зак элинин пикири эске алынбастан, КПСС БКнын көрсөтмөсү м-н Д. А. Кунаевдин Казак­стан КП БКнын 1-секретары кызматынан алы­нышы ж-а ордуна орус улутундагы Г. В. Кол­биндин (мурда Грузия КП БКнын 2-секретары) ке­лиши кыймылдын башталышына түрткү бол­гон. 17-декабрь күнү эртең мененки саат 8де Казакстан КП БКнин имаратынын алдындагы Л. И. Брежнев атындагы (азыркы «Республика») аян­тында мектеп окуучулары, студенттер, жумуш­чу жаштар, ошондой эле ЖОЖдун окутуучуларынын катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен. Чогулгандар борбордун кадр маселесин чечүүдөгү бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө республиканын бийлик уюмдарынын пикирин да эске алуу ж-а жергиликтүү калктын өкүл­дөрүнөн чыккан саясий ишмерлерге тоскоолдук кылбоо, республиканын өз алдынчылыгын, улуттук тилдин ж-а маданияттын өнүгүүсүнө зарыл шарт­тарды камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Кыймылды басуу, анын катышуучуларын күч м-н таратуу максатында Казак ССР ИИМдин ж-а МККнын аскер бөлүктөрү, Алматы чек ара окуу жайынын курсанттары, СССР ИИМдин ко­шумча атайын күчтөрү тартылган. Митингчи­лер м-н кагылышуу башталып, аларга каршы курал катары сапёрдук күрөктөр, атайын үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар ж-а бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик м-н козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казак­стан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан КП БКнын имаратына чабуул даярдалып жатканы туура­луу Москвага маалымат түшүп, М. С. Горбачёв окуялардын чиеленишине жол бербөө талабы м-н Д. Кунаевге кайрылган. Кечке жуук көтө­рүлүш күч м-н басылган. 18-декабрда аянтка кай­радан өтүүгө аракеттенген митингчилердин ай­рым топтору куулуп-таркатылып, козголоңчу­ларга катуу жаза көрүлгөн. Желтоксан (Декабрь) окуясынын жүрүшүндө 8500 адам кармалып, жазаланган. 6 киши курман болуп, 1720дай киши жаракат алган. ИИМдин 1200 кызматкери иштен бошо­тулган,

гун-сүргүнгө учураган. 1987-ж. КПСС БКнын Сая­сий бюросу Желтоксан (Декабрь) окуясын «казак улутчулдугунун көрүнүшү» катары баалаган (1990-ж. Казакстан КП БКнын демилгеси м-н мындай баа туура эмес деп табылган). Бул окуя тоталитардык саясат­ка каршы казак жаштарынын азаттык күрөшү болгон. Казакстан көз каранды эместигин ал­ган соң, Желтоксан (Декабрь) окуясы тууралуу чындык калыбына келтирилип, бул ж-дө «Желтоксан», «Желток­сан курмандыктарын эскерүү», «Эр намысы – эл намысы» ж. б. эмгектер жаралып, «Алла­жар», «Кызгыш күс» кинофильмдери тартылган.