ИСКУССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ
ИСКУ́ССТВО ФИЛОСОФИЯСЫ – философиянын искусствого, эстетикага, көркөм чыгармачылыкка тиешелүү башкы, түпкү маселелерди иликтеген тармагы. Искусство философиясы жалпы эле искусствону, анын түрлөрүнүн табиятын, адам турмушундагы ордун-кызматын, көркөм чыгарманын түпкү маани-максатын, сулуулуктун, көрктүн жаралыш, болуш жолун, жөнүн, сүрөткердин коомдогу милдетин, көркөм аң-сезимдин ички сыпат-касиеттерин иликтейт.