ИСКУССТВОДОГУ СИНТЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:24, 11 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУССТВОДОГУ СИ́НТЕЗ – адам турмушунун материалдык жана рухий чөйрөсүн эстетикалык жактан уюштурган искусство түрлөрүнүн бир бүтүн көркөм ансамблге биригиши. Алардын идеялык, көз караштык, образдык жана композициялык биримдиги, кеңдикти жана убакытты көркөм уюштуруудагы жалпылыгы, масштабдардын, пропорциялардын, ыргактардын өз ара макул­дугу көркөм көрүнүштү кабылдоону активдеш­тирет; адамга көп жактуу эмоциялуу таасир тийгизет. Искусство синтезине жасалга-колдонмо жана станок­тук өнөрдүн үлгүлөрү да катышат. Убакыт иск­усствосунун (поэзия, музыка) синтези вокалдык жана театр өнөрү (ыр, романс, кантата, орато­рия, опера жана башкалар) программалуу аспап музыка­сында түзүлөт. Театр менен кино табиятында син­тездик өнөргө кирет. Синтез ар кандай түрдө жүзөгө ашат: искусствонун бир түрүнүн ичинде (мисалы, даректүү тасманын каражаттарын көркөм тасмага колдонуу) же искусство жанрла­рынын ортосунда (мисалы, кинематографиялык көрүнүш­төрдү театрда пайдалануу). Искусство синтезинде алардын ролу ар кандай: кээде бир түрү доминанттык милдет­ти аткарат (мисалы, Египет архитектурасы живопись, айкелди багындырып турат) же бир иск­усство сапат жагынан өзгөчө орунда (мисалы, класси­цизм искусствосунун архитектоникалуулугу, пла­стикалуулугу, байыркы грек искусствосунун плас­тикалуулугу, бароккодогу живопистүүлүк) ту­рат. Айрым тарыхый доорлордо искусствонун түрлөрү бири-бирине эриш-аркак жашайт (мисалы, готика архитектурасы менен айкели), бири-бирин шайкеш толуктайт, бири бирине контрасттуу салыштырма абалда турат (XX кылымдын көпчүлүк курулуштары). Алгачкы доорго синкретизм – адам ишмердиги жана ырым-жырым, жөрөлгө менен тыгыз байланышкан искусство түрлөрүнүн бири­-биринен ажырабагандыгы мүнөздүү. Искусство түрлөргө бөлүнө баштаганда, алардын бири-би­рин толуктоо мүмкүндүктөрү ачылып, синтезге умтулуу касиети пайда болот. Сүрөт өнөрүнүн, сөз чыгармачылыгынын, музыканын элементтерин бир ойго багындырган храм жөрөлгөлөрү, ошондой эле үрп-адат аракеттери Байыркы Чыгыштан бери искусство синтезинин башталышы катары белгилүү; Египет курулушунун өтө зор көлөмүнө адамдын аң-се­зиминин жеңишин даңазалаган Грекия арх­итектурасы менен айкелинин шайкештиги кара­ма-каршы келет. Орто кылымда храмдардын ичи мозаика, фреска, готикалык имарат витражда­ры менен жасалгаланган. Соңку готика, кайра жаралуу доорунда искусство жекелештирилип, анын түрлөрүнүн мааниси көтөрүлгөн. Улуу че­берлердин (Браманте, Рафаэль, Микеланжело, Л. Бернини) чыгармаларында искусство түрлөрүнүн ансамблге биригишинин жол-жобосу иштелип чыккан. Рококо жана XVIII кылымдагы агартуу класси­цизминде жасалга жашоо чөйрөнү уюштурууга кызмат кылган. XX кылымда ири мемориалдык ку­рулуштарга, көргөзмө комплекстерине, фести­валдарга байланыштуу синтез боюнча олуттуу иш жүргүзүлгөн. 1930-жылдардан Москва метро­политенинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсү (азыр Бүткүл россиялык көргөзмө борбору) ку­рулушу менен искусство синтезинин актуалдуулугу күч алган. Искусство синтезинин үлгүлөрү Кыргызстанда 1960–1970-жылдарда түзүлө баштады.


Ад.: Синтез искусств в архитектуре. Сб. М., 1963; Громов Е. С. Современный кинематограф и проблема синтеза искусств // Кинематограф сегодня. Сб. М., 1967; Синтез искусств и архитектура общественных зданий. Сб. М., 1974.