ЖЕМСӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕМСӨӨ – бир катар омурткасыз жаныбар­лардын (моллюскалар, курттар, курт-кумурска­лар) ж-а канаттуулардын кызыл өңгөчүнүн ке­ңейген бөлүгү. Азыкты чогултуу, сактоо, ал эми кээде азыкты алдын ала химиялык иштетүү кызма­тын аткарат. Аарынын жемсөөсүндө нектар кайта­дан иштетилип, балга айланат. Куштарда жемсөөнүн мезгил-мезгили м-н жыйрылышы карынга азык­ты жылдырат, сиңбей калган калдыгын сыртка кулгуп чыгарып, балапандарын азыктандырат. Көгүчкөн жумуртка баскандан 8-күндөн баштап жемсөөнүн эпителий клеткалары майга ажырап, бөлүнөт да, жемсөөдөн бөлүнгөн зат (агыш суюктук) м-н балапанын багат. Чөлдө жашаган кара боор балапандарына жемсөөсү м-н суу ташып барат.