ЖУМАБЕКОВ Сабырбек Артисбекович
ЖУМАБЕКОВ Сабырбек Артисбекович (11. 8. 1964-ж. т., Талас обл., Кара-Буура р-ну, Сатыкей айылы) – медицина илимд. доктору (1995), проф. (1997). КРдин УИАнын корр. мүчөсү (2006), академик (2010). КМИИни (1987),

Симферополь ш-ндагы Крым мединститутунун аспирантурасын ж-а докторантурасын бүткөн (1987– 95). 1996–2002-жылдары Кыргызстан курортология ж-а калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИде директ орду н орун басары, 1997-жылдан КММАнын травматология, ортопедия ж-а эксперименттик хирургия кафедрасынын башчысы. Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо департаментинин ж-а милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун директору (2002–04). 2004-жылдан Бишкек ш-дык травматология ж-а ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору. Анын жетекчилиги астындагы кашка жиликтин алкак бөлүгүнүн сыныктарын, остеомиелитти хирургиялык жол м-н дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгуу ж-а киргизүү боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле. көкүрөк-бел бөлүгүнүн эски сынып-чыгып кетүүсүнүн кесепетин, жиликтердин өнөкөт остеомиелитин, күң жиликтин моюнчасынын ж-а согончок сөөктүн сыныгын дарылоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Ал 1996– 99-ж. Борбордук Азияда биринчилерден болуп муун ооруларын микрохирург. жол м-н дарылоо ж-а дүйнөлүк стандарттагы протездер м-н чоң жиликтин башын алмаштыруу методдорун киргизген. 1990-жылдан Бүткүл дүйнөлүк травмотологортопеддер коомунун мүчөсү. Омуртканын микрохирургиясы ж-а кол, бутту узартуу боюнча адис. Дүйнөдө биринчи болуп тескери бүгүлгөн тизе муунуна уникалдуу операция жасаган (2006). Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ж-а Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (Женева) алтын медалынын ээси. 125тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 6 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Способ удлинение бедра. Изобретение А. С. Патент РФ ¹ 93053452, 1993.