ЖЕНКИНСОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 11 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕ́НКИНСОН Антони (16-кылымда жашап өткөн) – англиялык соодагер, саякатчы. Элчилик кызмат да аткарган. 1557–58-жылдарда Иранда ж-а Борбордук Азияда болгон. Женкинсондун маалыматы боюнча, ал келерден мурун Кытай ж-а Бухара аралыгындагы көч­мөндөр м-н шаардыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуш жүрүп турган. Женкинсон Таш­кент (Таскент), Кашкар шаарларын атап, Ташкентке каршы казактар (кассак), Кашкарга каршы кыр­гыздар (киргс) согушканын белгилеген. Ошондой эле ал бул эки элдин өтө күчтүү экенин, ошондук­тан аталган шаарлар аларга баш ийгендигин эс­керген. Анын түзгөн картасында кыргыздар 16- кылымдын орто ченинде эле дээрлик өздөрүнүн азыр­кы аймактарын ээлешкени көргөзүлгөн.

Т. Асанов.