ЖЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 14 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР – Күн системасына кирүүчү планета. Күндөн алыстыгы боюнча 3-орунда, өлчөмү ж-а массасы боюнча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 ⋅ 1021 кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орточо тыгыздыгы 5520 кг/м3, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда ай­лануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиз­дигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйша­юусу 23°26′. Ошого байланыштуу жыл мезгилде­ринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тар­туу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү айланат. Жердин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Жер м-н анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Жер орбитасынын жа­рым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөө­нүн бирдик чени (к. Астрономиялык бирдик) болуп саналат. Жердин орбита боюнча кыймылы­нын ылдамдыгы орто эсеп м-н 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Жер Күн системасы м-н бирге Галак­тиканын борборунда айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Жердин айланасында, орто эсеп м-н 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Жерди эллипс орбитасы боюнча тегеренип жүрөт. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Жер өз огунда айла­нып, күн м-н түндү пайда кылат, убакыт бирди­ги болгон сутканы түзөт. Жердин өтө татаал фор­масы өз огунда айлануудан пайда болуучу бор­бордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын,

Жердин космостон көрүнүшү.


ЖЕР. ФИЗИКАЛЫК КАРТА. Масштабы 1:115 000 000
ЖЕР. ФИЗИКАЛЫК КАРТА. Масштабы 1:115 000 000

рельеф пайда кылуучу ички ж-а тышкы күч­төрдүн аракетинен келип чыккан (к. Геоид). Гео­дезияда, картографияда ж. б. илимий-практикалык маселелерди чечүүдө Жердин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Жер Күн системасындагы баш­ка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү м-н айырмаланат. Азыркы учурда­гы космогониялык көз караштар боюнча, Жер мын­дан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасында­гы мейкиндикте газ м-н чаң түрүндөгү чачыран­ды заттардын гравитациялык конденсацияла­нышынан пайда болгон (к. Космогония, Күн си­стемасы). Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Жердин ички бөлүктө­рүнүн ысый башташы, Жер заттарынын диффе­ренциацияланышына (жиктелишине) алып кел­ген. Дифференциация Жер шарын химиялык курамы ж-а физикалык касиеттери боюнча бири биринен айыр­маланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Жердин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан тур­ган эң үстүнкү катмар – ж е р к ы р т ы ш ы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Жер деп аталат. Алардан тышкары Жердин сырткы гео­сфералары да бар. Жерди курчап жаткан аба кат­мары – атмосфера, суу катмары – гидросфера. Бул 2 геосфера Жер түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу м-н газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, ошондой эле атмосферанын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, г е о г р а ф и я л ы к же л а н д ш а ф т т ы к к а б ы к деп аталат. Географиялык кабыктагы физикалык ж-а химиялык шарттан тири­чилик пайда болгон. Тирүү заттар геологиялык агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, органикалык дүйнө тараган чөйрө б и о с ф е р а деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Жердин эң бийик жери Гималайдагы Жомолунгма чоку­су (8848 м), эң чуңкур жери Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Жердин гравитация­лык, магниттик ж-а электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү (к. Жердин гравитациялык талаасы) Айды өз орбитасын­да кармап турат. Жердин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду жөнүндөгү азыркы маалыматтар – илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Ба­йыркы замандарда Жердин формасын аныктоо­го көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мур­да Жердин формасы жөнүндө туура түшүнүктөр пай­да боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Жердин шар түрүндө экенин 1-жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (б. з. ч. 6–5-кылымдар) ж-а Аристотель бул кубулушту илимий жол м-н аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоз­дордун көбү Жер Ааламдын борбору (геоборбордук окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборбордук (Күн – дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. Орто кы­лымдарда Жердин шар сымал экени ж-а кыймы­лы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорун­дагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Жердин формасы жөнүндөгү туура түшүнүктөр кай­радан өөрчүй баштаган. 1543-жылы Коперник дүй­нөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде анык­таган. Жердин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-кылымда сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-кылымдын 2-жарымында раке­та, спутниктердин жардамы м-н атмосферанын жогорку катмары ж-а магнитосфера изилден­ди. Жердин турпатын ж-а өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астроно­мия, заттарынын физикалык абалын, бардык геосфе­ралардагы физикалык процесстерди, күч талааларын геофизика, химиялык элементтердин таралыш зако­нун ж-а алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын ж-а анын өнүгүү тарыхын геологиялык илимдердин комплекси, географиялык кабык м-н биосферадагы табигый процесстерди география ж-а биология илимдери изилдейт.
Жердин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырт­кы катмары – магнитосфера (Жер айланасын­дагы мейкиндик). Жердин магнит талаасы Күн­дөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, плане­танын айланасында Жердин радиациялык алка­гын түзөт (к. Жер магнетизми). «Катуу» Жер м-н бирге айланып, аны курчап жаткан аба катма­ры – атмосфера. Атмосферанын 200 км бийиктик­ке чейинки негизги компоненти – азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 км­ден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Жер айланасында суутек таажысын пайда кылат. Географиялык кабыктагы физикалык, химиялык, биологиялык процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атмосфера аркылуу Жер бетине өтөт. Жерди курчап жаткан суу катмары (гидро­сфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиз­дер , 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кар­муз-мөңгүлөр, 0,4%ин – кургактыктагы суулар (дарыя, көл, саз), бир азын атмосфера м-н организм­дердин курамындагы суулар түзөт. Суу масса­лары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бар­дык химиялык элементтер бар. Жердин эң үстүнкү «ка­туу» катмары – жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал ж-а бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы – мате­риктик ж-а океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө ка­бат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) ж-а астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ор-