ЖОРУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРУЛАР – ири жырткыч куштар тобу. Алар­га а м е р и к а жана к а д и м к и жорулар кирет. Булардын түзүлүшү ж-а жашоо шарты окшош. Дене узундугу 90–114 см. Башы, мойну жылаңач же түк м-н капталган. Канаты жазы, тарп издеп, кээде өтө бийиктикте бир нече саат бою кал­кып учууга жөндөмдүү. Буту басып, чуркоого ылайыкталган, көк жору гана жемин буту м-н көтөрүп учат. Көпчүлүгү тарп ж-а таштанды жейт. Аска, жар, дарактарга уялайт. 1 жумурт­ка тууйт. Африка, Түштүк Европа, Борбордук ж-а Түштүк Азияда 9 урууга бириккен 14 түрү жашайт. КМШ өлкөлөрүндө 4 уруусунун 5 түрү бар. Жорулар таби­гый санитар катары өтө пайдалуу. Алардын саны азаюуда (айрыкча Европада). Балта жу­тар ж. б. коргоого муктаж.