ЖОУЛЬ
ЖО́УЛЬ (Джоуль) Жеймс Прескотт (24. 12. 1818, Ланкашир, Солфорд – 11. 10. 1889, Чешир, Сейл) – англ. физик, Лондон король коомунун мүчөсү (1850). Электр-магнетизм м-н жылуулук кубулуштарын изилдөө, төмөнкү температураралар физикасын калыптандыруу, энергиянын сакталуу законун далилдөө боюнча белгилүү салым кошкон. Өз ысмы м-н аталган Жоуль-Ленц законун, Жоуль-Томсон эффектисин ачкан. Ферромагнетиктердин магниттелүү кезиндеги магниттик каныгуу кубулушун биринчилерден болуп байкаган.