ЖЕҢИШ (Лейлек районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 14 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Ак-Суу айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 850 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Исфана шаарынан 35 км түндүк-батыш та­рапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) темир жол бекетинен 18 км. Кыштак 1952-жылы негизделген. Калкы 1169 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, клуб, китепкана бар. Соода борбору, ФАП, мончо иштейт.