ЖОУЛЬ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОУЛЬ ЗАКОНУ́УЗАКОНУОУЛУУ– массасы белгилүү идеалдык газдын ички энергиясы анын көлөмүнө эмес температурасына гана көз карандылыгы жөнүндөгү за­кон. Жоуль закону идеалдык газдын кинетикалык тео­риясынын көз карашынан келип чыгат: моле­кулалардын өз ара аракеттенишүүсү болбойт (өз ара аракеттенишүүнүн потенциалдык энергия­сы нөлгө барабар), ошондуктан молекулалар­дын арасындагы аралыктын өзгөрүшү (көлөмдүн өзгөрүшү) ички энергияны өзгөртпөйт. Бул за­конду англиялык физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) анык­таган (1834).