КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ
КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ – X–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Казарман кыштагынын тушунда жайгашкан. Сакталып калган дубалынын бийиктиги 3 м, бурчтарында жана борборунда жарым ай түспөлүндө мунаралары болгон. Түндүк, батыш жана чыгыш дубалдарынын узундугу 100 мге чейин жеткен. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеген. Убагында Тогуз-Торо өрөөнүн душмандан коргогон чеп болгон. Эстелик кароосуз калгандыктан, анын билинер-билинбес гана пайдубалы калган.