ЖУМУРТКА
ЖУМУРТКА – уруктангандан кийин жаңы организм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продуктусу. Жумуртка сарысы, агы, чел кабык ж-а кабыктан турат. Жумуртканын морфологиялык белгилери, физикалык касиеттери, химимлык курамы куштун жашына, генетикалык өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жараша болот. Бардык эле үй куштарынын жумурткалары лары формасы ж-а өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка алынуучу тоок породаларынын жумурткасы жумуртка эт багытындагы тооктун жумурткаларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу – каздын жумурткасы. Андан кийинки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткалары. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55–65 г, каздыкы 110–180 г, күрптүкү 110 г. Жумуртканын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, ошондой эле В, А, Д, Е витаминдерине бай. Жумутрканын сарысында адамдын организмине керек лецитин бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Жумуртка организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу үчүн жумшалат.