КАЙРАК КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАК КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–IV кылымдарда жа­шаган көчмөн сак урууларына таандык мүрзө­лөр. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаар­часынын жанында жайгашкан. Анда 50гө жакын дөбө-мүрзө бар.

Алтын короз. Биздин заманга чейинки VI–IV кылымдар. Кетмен-Төбө өрөөнү.

1970-жылы археолог Ы. Ко­жомбердиев 35 дөбө-мүрзөнү изилдеп, карапа идиштерин, коло күзгүнүн сыныгын, алтын ко­роз жана башкаларды тапкан.