ЖУНУШАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШАЛИЕВА Тамара Шаршенкуловна (27. 02. 1948-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Бал­та шаары) – химия илимдеринин доктору (2002), профессор (2003). Инженердик академиянын академиги (2004). Билим берүүнүн отличниги (2009). ФПИни (1971), ошол институтта аспирантураны (1978) бүтүрүп, ошол эле жерде лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан КТУда декан. Химиялык термодинамика, тамак-аш химиясы, экология б-ча адис. 120дан ашык илимий эмгектери, а. и. 3 монографиясы, 1 окуу китеби, 4 окуу куралы бар.

Эмг.: Физикалык химиянын кыскача курсу. Б., 1996; Термохимия кристаллических аддуктов пентахлорида сурьмы с органическими донорами. Б. 1989; Свойства сурьмы и её соединений. Б., 2001.