КАЙЫРМА ТУРГУН ЖАЙЫ
КАЙЫРМА ТУРГУН ЖАЙЫ – VIII–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жумгал суусунун оң өйүзүндө, Чаек кыштагынан 10 км чыгыш тарапта жайгашкан. Чарчы формада (175x175 м), бийиктиги 4 мге жетет. Бурчтары жана дубалдары мунаралар менен бекемделген.