«ЖОЛОЙ ХАН»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 14 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖОЛОЙ ХАН» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Анда уруулук түзүлүш учурундагы уруу башчыларынын кагылышы, кыргыз ханы Жолойдун өз уруусун коргоодогу баатырдыгы жөнүндөгү окуя баяндалган. Өткөн кылымдын орто ченинде немис окумуштуусу В. В. Радлов «Ма­нас», «Төштүк», «Жолой хан» эпосторун ж. б. элдик оозеки чыгармаларды Кыргызстанга келген үчүнчү саякатында жазып алган (1869). Ал чы­гармалар «Түндүк түрк урууларынын элдик ада­биятынын үлгүлөрү» аттуу эмгегинин 5-томуна кирген. «Жолой хан» – композициялык түзүлүшү ж-а сюжеттик курулушу жагынан баатырдык жо­моктун мотивиндеги чыгарма. Жомоктук сю­жеттерди айтуучу чыгармачылык м-н пайдаланып, эпостун мазмунун байыткан. Дастанда байыр­кы замандагы элдин турмушу чагылдырылып, бара-бара эл арасында эпостук деңгээлге өсүп жеткен. Ал Жолойдун тегерегиндеги хандык­тардын үстөмдүгүнө каршы күрөшү, баатырдын үйлөнүшү ж-а мифтик окуялардын сырдуу, сый­кырдуу жагдайда сүрөттөлүшү өңдүү архаика­лык мазмундагы сюжеттен башталат. «Жолой хан» эпосу азыркы күндө да илимий жактан такталып, дүйнө элдерине тараган көөнөрбөс мурас ката­ры бааланары шексиз.