«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 14 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ» – 1917-жылы Февраль төңкөрүшүнүн жеңи­шинен кийин Ош уездинде түзүлгөн жергиликтүү жу­мушчулар менен кедей-кембагалдар уюму. Неги­зинен ага кыргыз, өзбек жумушчулары кирген. Анын максаты жумушчу-дыйкандардын эзилип жаткан абалынан жана мусулман дининин тааси­ринен пайдаланып, аларды падышалык бийлик­тин буга чейин жүргүзгөн саясатына каршы үгүт­төө болгон. Бул союздун демилгеси менен 1917-жылы 21-августта Мусулман депутаттар совети (ки­йин Ош мусулман жумушчулары менен чайрикер депутаттар совети болуп аталган) шайланган. Натыйжада, кийин бул союз Кыргызстанга Совет бий­лигин орнотууну толук колдоп, ал бийликти чыңдоого активдүү катышкан.



Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской революции в Киргизии. Ф., 1966.