БАНКНОТТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНКНОТТОР (англисче bank-note) – эмиссиялык банктар чыгарган кредиттик акчанын түрү. Банкноттор XVII кылымдын аягында товар-акча мамилелеринин жана төлөм айланышынын өнүгүшү менен пайда болгон. Банкноттор айланма каражат жана төлөм каражаты катары металл акчаны алмаштырат. Азыркы банкноттор алтынга алмаштыруу милдетинен куткарылгандыктан, кагаз акчадан көп айырмаланбайт.