БАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШТЫК – кездеме, таар, кийиз, булгаары жана башкалардан жасалган буюм. Баштыктардын көпчүлүгү буюм, кийим, азык-түлүк салууга арналып, үч тарабы туюк, бир жагы (оозу) ачык жасалат. Баштык жасалышына карата: сайма баштык, бөз баштык, бүйүрмө баштык (оозуна бүйүрмө боо өткөрүлгөн); чыт баштык, баркыт баштык, таар баштык, кийиз баштык, булгаары баштык жана башка керектелишине карай: кийим баштык, чай баштык, туз баштык, жем баштык болуп бөлүнөт. Алар

көчүп конууда пайдаланганга өтө ыӊгайлуу болгон. Азыр азык-түлүк жана башка буюмдарын ташуу үчүн синтетикалык материалдан жасалган ар кандай баштыктар кеӊири колдонулууда.