ЖЫЛАНДАР
ЖЫЛАНДАР (Serpentes же Ophidia) – сойлоочулар түркүмү. Денеси узун, жумуру, кабырчык м-н капталган. Түсү айлана-чөйрөгө окшош. Жыландын эң узуну 10 м, кичинелери 8–10 см. 200дөй омурткасы бар, кээ бир казылып алынганыныкы 435ке жеткен, алар бири-бири м-н сойлоого ылайыкталып кошулган. Жогорку чыкый, таңдай, үстүңкү жаак сөөктөрү өз ара, баш сөөгү м-н кыймылдуу бириккен. Ошондуктан көлөмдүү азыгын жутканда жыландын оозу абдан

чоң ачылат. Уулуу жыландын үстүңкү жаагындагы тиштеринде шилекей бездеринен бөлүнгөн уу чыгаруучу каналы болот. Ички органдары асимметриялуу, табарсыгы болбойт. Эки ача узун тили нерселерди сыйпалап (жалап) сезүү органынын милдетин аткарат. Жыландын көбү калың өсүмдүк арасында, даракта, чөлдө, кээ бири сууда (деңиз жыланы) жашайт. Жырткычтар. Көпчүлүгү майда омурткалуу жандыктарды, канаттуулардын жумурткасын, курт-кумурскаларды, моллюскаларды жейт. Көпчүлүгү жумуртка тууйт, кээ бир түрү (мис., кара чаар жылан) каканак сымал жумурткасын туур замат андан тирүү баласы чыгат. Бардык Ж. сууда жакшы сүзөт. 13 тукумунун 3000ге жакын түрү Антарктидадан башка бардык жерде кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукумга кирген 60тай, Кыргызстанда 10 түрү бар. Кээ бир түрү кемирүүчүлөрдү жок кылып, пайда келтирет. Жыландын уусу – медицинада, териси жеңил ө. ж-нда пайдаланылат. Жыландын кээ бир түрүнүн саны азаюуда, 26 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.